Ала-Арча паркы менен «Унаа» мекемеси өз акчасынан каржыланмай болду


Ала-Арча жаратылыш паркы жана «Унаа» мамлекеттик мекемеси өзүнүн атайын эсебине түшкөн каражаттын эсебинен каржыланат. Президент Садыр Жапаров бул эки мекемеге сынамык режим киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 2027-жылдын 31-июлуна чейин бул мекемелерди каржылоо боюнча апробациялык режим иштейт. Алардын иши атайын эсептерине түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланат.
Кызматкерлердин айлык акысы да тиешелүү мекеменин атайын эсебинен төлөнөт.