Сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар үчүн жазанын пробациялык көзөмөл түрүн колдонууну карап көрүү сунушунан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеваны мандаттан ажыратуу талабы менен кол топтоо жүрүүдө.
Мындай мазмундагы петиция социалдык тармактарга жарыяланды. Учурда ага 5 миңден ашык адам кол койгон.
Депутат Абдибаева коомчулуктун сынына кабылган билдирүүсүн 29-сентябрда парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айткан. Анда эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексиндеги сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча жаза айрымдар үчүн катаал болуп жатканын белгилеген.

