Эрлан Шеров Азия оюндарынын күмүш медалын тагынды


Кыргызстандын дзюдочусу Эрлан Шеров Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын күмүш медалын тагынды.

Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону иппон ыкмасы менен жеңген. Чейрек финалда БАЭнин өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда өзбекстандык Нурбек Муртозоевди 1:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо аган

Шеров финалда Япониянын өкүлү Рику Окада менен кез келди. Кыргызстандык спортчу 10:0 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.