3-октябрга карата аба ырайы


Бүгүн республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Таласта +22…+27, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +17…+22 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында +25…+27, ал эми Чолпон-Атада +18…+20 градуска жетет.