2026-жылдын башына карата Кыргызстан калкынын 33,1%ын балдар жана өспүрүмдөр, 56,9%ын эмгекке жарамдуу курактагы адамдар, 10%ын эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдар түздү. Калктын орточо жашы 28,9 жашка жетти.
65 жаштан жогорку адамдардын үлүшү 6,4%ды же 475 миңден ашык адамды түздү. БУУнун классификациясы боюнча бул «картаюунун босогосунда турган калк» категориясына туура келет. 2030-жылга карата улгайган адамдардын үлүшү 7%га жакындай турганы болжолдонууда.

