Ички иштер министрлиги тарабынан Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы П.Ж. кармалды. Милициянын маалыматы боюнча, анын аракеттеринен улам мамлекетке 5 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 2022-жылы шаардык кеңештин төрагасы П.Ж. Кара-Сүү шаарында жайгашкан аянты 82,75 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн, мыйзамсыз түрдө жеке тарапка сатып жиберген.
Мындан сырткары, чиновникке жасалма диплом тууралуу дагы айып тагылууда. ИИМдин маалыматына караганда, анын жогорку билими тууралуу чыныгы диплому болгон эмес. Ал муниципалдык кызматтарды жасалма документ менен ээлеп, аталган жылдары мамлекеттен айлык акы алып келген.
Шектүү П.Ж. 29-сентябрда кармалган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери улантылууда.

