Шакиранын гонорарына мамлекет бир да сом сарптабайт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Кабар» агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Туманбаевдин белгилешинче, концертти жеке уюм уюштуруп жатат. Стадион мамлекетке карагандыктан концерт учурунда коопсуздук жана уюштуруу маселелери көзөмөлдө болот.
«Шакиранын гонорары үчүн мамлекет бир да сом, бир да тыйын төлөбөйт. Биздин максат билет сатып акча табуу эмес, туризмди өнүктүрүү. Кыргызстанга келген адам бир нече күнгө калып, мейманканаларда, ресторандарда акча сарптап, транспортко түшөт. Шакиранын бизге келиши өлкөбүзгө көңүл бурдуруп, туристтик дараметибизди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деди Туманбаев.

