Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги орто жана жогорку кесиптик билим берүү тууралуу документтердин жаңыланган Реестри толук кандуу иштеп жатканын маалымдайт.
Жаңыланган маалыматтык система 2026-жылдын январь айынан тартып иштеп жатат. Ал мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү тууралуу документтерди санариптик форматта эсепке алууга, текшерүүгө жана ырастоого мүмкүндүк берет.
Система мамлекеттик санариптик кызматтар менен интеграцияланган жана жасалма документтерди пайдалануу тобокелдигин азайтууга багытталган.
Бул жарандар үчүн эмнени билдирет?
Эми диплом тууралуу маалыматты санариптик система аркылуу алууга жана ырастоого болот.
2024-жылдын март айынан тартып берилген дипломдор билим берүү уюмдары тарабынан Реестрге автоматтык түрдө киргизилет. Бул документтер тууралуу маалымат «Түндүк» мобилдик тиркемесинде чагылдырылат.
2024-жылдын март айына чейин берилген дипломдорду жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү жеке кабинети аркылуу өз алдынча Реестрге киргизе алышат.
Жеке кабинетке кирүү үчүн Бирдиктүү идентификация системасы (БИС/ЕСИ) колдонулат. Авторизацияны «Түндүк» тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлөө менен, ошондой эле логин жана сырсөз же электрондук санариптик кол тамга аркылуу жүргүзүүгө болот.
Бул эмне берет?
Санариптик Реестр билим тууралуу маалыматтарды жеткиликтүү, текшерилүүчү жана корголгон кылууга мүмкүндүк берет. Жарандар үчүн алган билимин ырастоо жеңилдейт, ал эми мамлекеттик жана билим берүү уюмдары үчүн документтин аныктыгын текшерүү ыңгайлуу болот.
Реестрдеги маалыматтар Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан ырасталат жана верификацияланат.
Билим берүү уюмдары үчүн «Реестрдин жумушчу кабинети» иштелип чыккан. Анын жардамы менен жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары дипломдор тууралуу маалыматтарды киргизип, ырастай алышат. Ал эми министрлик бардык окуу жайлар боюнча жыйынтыкталган аналитикалык маалыматтарга жана статистикага реалдуу убакыт режиминде ээ болот.
Кайдан кирүүгө болот?
Билим берүү тууралуу документтердин Реестри:
Дипломдорду санариптештирүү жарандар үчүн билим тууралуу документтерди ырастоону жеңилдеткен, ал эми мамлекеттик жана билим берүү уюмдары үчүн аларды текшерүүнүн бирдиктүү санариптик системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Дипломду кантип жүктөө керектиги тууралуу кыска маалымат төмөнкү сүрөттө.


