Президент Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал педагогдор өлкөнүн келечегин аныктоодо чоң роль ойной турганын белгилеп, мугалимди урматтоо Кыргызстандын келечегин урматтоо катары кабыл алынышы керектигин айтты.
Мамлекет башчысы билим берүү тармагындагы реформаларга да токтолду. Анын ичинде 12 жылдык билим берүүгө өтүү, программаларды жана окуу китептерин жаңылоо, STEM, робототехника жана жасалма интеллект багыттарын өнүктүрүү бар. Быйыл 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, 53 мектепте IT-Кванториумдар түзүлүп, дагы 220 мектеп STEM-лабораториялар менен жабдылат.

