Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө байланыштуу тобокелдикти азайтуу үчүн дагы 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулганын билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, 40ка жакын компаниянын ишмердигине талдоо жүргүзүлүп, анын 16сынын ишин токтотуу чечими кабыл алынды жана материалдар сот органдарына өткөрүп берилди. Калгандары текшерилип жатат.
Андан тышкары 2-октябрга чейин мамлекеттик эки банк — “Элдик банк” 126га жакын, “АБанк” 100гө чукул ишкананын эсептерин жапканы белгилүү болду.
Экономика жана коммерция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон адамдарды жана компанияларды аныктоо жана алардын аты-жөнү кирген “блэклист” деп аталган тизмени түзүү механизми талкууланып жатканын кошумчалады.

