Бүгүн республиканын тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23, Таласта +10…+15 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +21…+23 градусту көрсөтөт.

