Президенттин иш башкармалылыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коомунун директору Бакытбек Султанов кызматтан кетип, анын ордуна Илгиз Тапаев дайындалды.
Эске салсак, окуу жылы башталгандан тарта мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып чыгышкан. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектепте китеп тартыш маалда алар базарда сатылып жатканын айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

