Садыр Жапаров: Бизди эч ким сындыра албайт


«Бишкек Аренанын» ачылышында президент Садыр Жапаров өлкөдө тынчтык жана биримдик сакталса, дагы ушундай он стадион курууга мүмкүнчүлүк болорун билдирди. Анын айтымында, акыркы алты жылда Кыргызстанда 1 075 түрдүү объект, ошондой эле 521 завод жана фабрика курулган.

Президент 2027-жылы 111 мектеп жана 44 райондук оорукананын бөлүмүн куруу максаты коюлганын да айтты. Жапаров экономиканын өсүшүн криминал жана коррупция менен күрөшүүгө байланыштырып, социалдык, спорттук жана өнөр жай объекттерин куруу улана турганын билдирди.