Moody’s Кыргызстандын кредиттик рейтингин B2 деңгээлине көтөрдү


Moody’s эл аралык рейтинг агенттиги Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтингин B3төн B2ге көтөрүп, «туруктуу» божомолун сактады. Чечим экономикалык өсүш, мамлекеттик каржынын чыңдалышы, киши башына ИДПнын көбөйүшү жана мамлекеттик карыздын ИДПга карата үлүшүнүн төмөндөшү менен түшүндүрүлдү.

Министрлер кабинетинде рейтингдин жогорулашы инвесторлордун ишенимин бекемдеп, узак мөөнөттүү каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет деп эсептешет. Кыргызстандын банктары менен компаниялары үчүн эл аралык капитал рынокторуна чыгуу да жеңилдеши мүмкүн.