Октябрда «Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны 252,7 миңге жетти


Октябрь айына карата «Бала ырысы» жөлөк пулун үч жашка чейинки 252 миң 699 бала алууда. Июль айына салыштырмалуу алуучулардын саны 60 миң 903 адамга же 31,8%га, сентябрга салыштырмалуу 20 миң 170 адамга көбөйдү.

Октябрда жөлөк пулдарды төлөөгө 310 млн 535 миң 520 сом которулду. Сентябрда бул сумма 285 млн 588 миң 480 сом болгон. Программа 2026-жылдын 1-июлунан тарта «Түндүк» системасы жана Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырылууда.