3-октябрдан 4-октябрга караган түнү Пхентхэк шаарында массалык мушташ болуп, бир нече Кыргызстандын жараны жаракат алды. КР консулу кармалган кыргызстандыктар, Түштүк Кореянын укук коргоо органдары жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолукту.
Yonhap агенттигинин маалыматы боюнча, жаңжалга 15ке жакын адам катышкан, айрымдарында таяк болгон. Милиция Кыргызстан менен Орусиянын эки жаранын кармаган. Алар жаракат алып, анын ичинде сөөктөрү сынганы айтылууда. Кармалгандар мушташка катышканын четке кагышууда. Абал КР ТИМинин өзгөчө көзөмөлүндө.

