Кыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилди


Бүгүн, 6-октябрда, Кыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды. Билим берүү объектилери Бишкек, Манас, Ош шаарларында, ошондой эле Ноокен, Тон, Алай жана Айтматов райондорунда жайгашкан. Жаңы мектептердин ону Бишкекте.

Адылбек Касымалиев Патрис Лумумба көчөсүндөгү мектептин ачылышына катышып, калган объектилердин ачылышына онлайн кошулду. Министрлер кабинетинин төрагасы окуу китептери маселесин чечүүгө 8,5 млрд сом бөлүнгөнүн айтып, өлкө 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатканын эске салды.