Бишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөт


15-октябрдан 17-октябрга чейин «Жаштык Арена» комплексинде «KYRGYZSTAN EXPO – 2026» жана II «EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026» эл аралык көргөзмөлөрү өтөт. Ага Кыргызстан, Орусия, Түркия, Кытай, Афганистан, Пакистан жана Өзбекстандын компаниялары катышат.

Көргөзмөдө өнөр жай, курулуш, энергетика, транспорт, медицина, IT жана башка тармактардагы долбоорлор менен продукциялар көрсөтүлөт. Ошондой эле Бишкек бизнес-форуму, конференциялар, тегерек столдор жана B2B-жолугушуулар уюштурулат.