Италиянын Пьемонт аймагындагы Мончестино муниципалитетинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Бишкектен барган делегациянын жолугушуусу өттү. Иш-чара Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий, туристтик жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган.
Кыргызстандык делегациянын курамында коомдук ишмер жана журналист Гүлзада Шаршеналиева, Милиана Айбашева жана Кумар Кожогулов болду. Аларды Мончестинонун мэри Бруно Поллис менен вице-мэри Джанни Де Микелис кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн жарандарына бири-биринин тарыхын, архитектурасын жана каада-салтын жакындан таанытууга мүмкүндүк берген маданий-туристтик багытты түзүү демилгеси ортого салынды. Гүлзада Шаршеналиева кызматташтык Бишкек менен гана чектелбеши керектигин баса белгиледи.
«Италиялык конокторго Бишкекти гана эмес, Каракол шаарын жана Ысык-Көл облусун да көрсөтүү абдан маанилүү. Мисалы, бизде дагы Каракол шаарында бир дагы мыгы жок салынган уникалдуу чиркөө бар. Бай аймактарыбыздын маданиятын, жаратылышын көрсөтүп, элдик дипломатия аркылуу байланышты чыңдашыбыз керек», — деди Гүлзада Шаршеналиева.

Мындан сырткары тараптар кол өнөрчүлөрдүн тажрыйба алмашуусун, айыл чарба, архитектура жана чакан ишкердикти колдоо долбоорлорун талкуулашты. Мэр Бруно Поллис кыргызстандык туристтерди кучак жайып тосуп алууга жана биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун негизги жыйынтыктарынын бири — Бишкек менен Мончестинонун ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу процессин баштоо макулдашуусу болду.

