Кыргызстанда үй-бүлөнүн атында үй, унаа же башка мүлктүн болушу «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун берүүдөн баш тартууга өз алдынча негиз болбой калышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, эгер үй-бүлөнүн мүлкү киреше алып келбесе жана анын болушу үй-бүлөнүн материалдык жактан жетиштүү камсыз болгонун көрсөтпөсө, мүлктүн бар экендиги жөлөк пул берүүдөн баш тартууга жалгыз себеп катары колдонулбайт.
Мында үй-бүлөнүн муктаждыгы анын ар бир мүчөсүнө (киши башына) туура келген жалпы кирешеси жана материалдык абалын объективдүү мүнөздөгөн башка жагдайлар эске алынуу менен аныкталат.
Ошондой эле мал-жандыкты эсептөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Малдын саны өзүнчө гана критерий болбостон, үй-бүлөнүн айыл чарбасынан тапкан реалдуу кирешеси менен бирге каралат. Ал эми мал, жандыктарды эсепке алуунун так критерийлерин жана тартибин министрлер кабинети аныктайт.
Демилгечинин айтымында, өзгөртүүлөрдүн максаты — жөлөк пулга чындап муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоодо алардын материалдык абалына туура жана калыс баа берүү.

