Дастан Бекешев: Бала менен ыктыярдуу жыныстык катнаш болбойт


ЖК депутаты Дастан Бекешев жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жоопкерчиликти жумшартууга каршы чыкты.  Ал Айсара Абдиеванын бойго жеткен адам өнөктөшүнүн жашын билбеген учурларда мыйзамды кайра карап чыгуу сунушуна комментарий берди.

Бекешевдин айтымында, жашы жете элек адамдын курагын билбөө жоопкерчиликти азайтууга негиз болбошу керек. Ал мындай иштерде чагымчылдык же кыянат пайдалануу болушу мүмкүн экенин моюнга алды, бирок бул кылмыш жоопкерчилигин жумшартууга себеп эмес экенин белгиледи.