Кыргызстан дагы төрт учак сатып алат


Кыргызстан дагы төрт учак – эки орто аралыкка учуучу жана эки турбовинттүү самолет сатып алуу менен авиациялык паркин кеңейтүүнү карап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандык авиациясы өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жатат. Өлкөдө аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо, учуу коопсуздугун күчөтүү, мамлекеттик контролду өркүндөтүү жана улуттук стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү иштери жүрүп жатат.

Касымалиев Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропорттун курулушун белгиледи. Анын айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу менен айкалышып, жаңы аэропорт ири аймактык транспорттук-логистикалык түйүндү түзүүгө өбөлгө түзүшү керек.