Келерки жылы Эгемендүүлүк күнү Нарында белгиленет


2027-жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү Нарын шаарында белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нарын облусунда Мамлекеттик ипотекалык компания курган турак жай комплекстерин ачуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, келерки жылы аймакты ар тараптуу өнүктүрүүгө, анын ичинде мал чарбачылыгы менен туризмге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылы Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги майрамдык иш-чаралар Талас облусунда өткөн.