Студент кайсы учурларда мамлекеттик билим берүү грантын кайтарып берүүгө милдеттүү?


Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим алган студенттер тарабынан мамлекеттик билим берүү грантынын каражаттарын кайтарып берүү тартибин түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобонун 3-главасынын 16-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жогорку же орто кесиптик билим алып жаткан же алган учурда, мыйзамдарда каралган учурларда, алты айдын ичинде билим берүү уюмуна адисти даярдоого кеткен чыгымдарды мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө кайтарып берүүгө милдеттүү.
Тактап айтканда, студент төмөнкү учурларда каражаттарды кайтарып берүүгө милдеттүү:
* билим берүү уюмунан жүйөлүү себепсиз өз каалоосу менен окуудан чыгарылса;
* жүйөлүү себепсиз окуудан чыгарылса;
* башка адистикке которулууга байланыштуу окуудан чыгарылса;
* мамлекеттик билим берүү грантынан контракттык окутуу формасына өтсө.
Ошол эле учурда мыйзамдарда студент каражаттарды кайтарып берүүдөн бошотулган учурлар да каралган. Тактап айтканда, ден соолугунун абалына байланыштуу окуудан чыгарылуу же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүү сыяктуу жагдайлар каралышы мүмкүн. Тиешелүү жагдайларды ырастоо үчүн мыйзамдарда белгиленген документтерди берүү зарыл.
Демек, студенттин окуудан чыгарылышынын өзү мамлекеттик билим берүү грантынын каражаттарын автоматтык түрдө кайтарып берүү милдетин билдирбейт. Окутуунун наркын кайтарып берүү мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда гана жүргүзүлөт.
Ошондой эле министрлик окуудан чыгарылган студенттерге документтерди берүү тартибине көңүл бурат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү уюму жөнүндө жобонун 72-пунктуна ылайык, билими жөнүндө документтин түп нускасы жана академиялык маалымкат (транскрипт) финансылык жана материалдык карыздар төлөнгөндөн кийин, анын ичинде мыйзамдарда мындай милдет каралган болсо, мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен окутуунун наркы кайтарылгандан кийин берилет.
Министрлик мамлекеттик билим берүү гранты адистерди даярдоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилерин белгилейт. Мыйзамдарда каралган учурларда окутууга кеткен чыгымдар белгиленген тартипте кайтарылууга тийиш.
Министрлик студенттерге жана билим берүү уюмдарына мамлекеттик билим берүү грантынын каражаттарын кайтарып берүүгө байланыштуу суроолор жаралган учурда колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алууну сунуштайт.