Кыргызстанда мунай заттарын экспорттоого тыюу салуунун шарттары өзгөрдү


Министрлер кабинети мунай жана мунай заттарын өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салган токтомго өзгөртүү киргизди. «Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧКсына 2026-жылдын 31-декабрына чейин айрым мунай заттарын экспорттоого уруксат берилет.

• меш отуну — 9 800 тоннага чейин
• мазут — 1 500 тоннага чейин

Жалпы уруксат берилген көлөм 11 300 тоннаны түзөт. Токтом расмий жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирет.