Нарын шаарынын 158 жылдыгына арналган чоң концерт өттү


Нарын шаарынын 158 жылдык мааракесине карата борбордук аянтта чоң концерт өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта манасчы, акын жана эстрада ырчыларынын катышуусунда чоң программадагы концерт уюштурулду.

Маданий иш-чара президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду.