Камчыбек Ташиев УКМК Эрлист Акунбековду эмне үчүн кармаганын түшүндүрдү


УКМКнын мурдагы төрагасы айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун билдирүүсүнө жооп берди. Министр кызматка дайындалганга чейин төрт ай камакта отурганын, бирок ага айып коюлбаганын айткан. Ташиевдин билдиришинче, Акунбеков минералдык жер семирткичтерди ташып келүүдө бажы төлөмдөрүнөн качууга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 3 млрд сомго жакын болгон.

Ташиевдин айтымында, жер семирткичтер дыйкандарга сатылган товар катары бажы төлөмдөрүсүз таризделип, бирок иш жүзүндө ири ишканаларга коммерциялык баада сатылып келген деген маалыматтар болгон. Кийин Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына которулган. Ташиев тергөөнүн кийинки жүрүшү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.