7-октябрда Бишкекте атом энергетикасынын мүмкүнчүлүктөрүнө арналган улуттук жаштар диалогу өттү. Ага 100дөн ашык студент, жаш адис, мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Алар адистерди даярдоо, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана атом тармагындагы кесиптик келечек тууралуу сүйлөшүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында жаштар атом тармагын өнүктүрүү боюнча жол картасын иштеп чыгышты. Анда билим берүү программаларын кеңейтүү, университеттер менен тармактык ишканалардын кызматташтыгын күчөтүү жана жаш адистерди эл аралык долбоорлорго тартуу сунуштары камтылган. Демилгелер 19–24-октябрда Ташкентте өтө турган эл аралык атомдук жаштар лагеринде сунушталат.

