Жапаров Борбор Азия жана Азербайжан үчүн бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады


Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү менен Азербайжан үчүн бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү демилгесин көтөрдү. Ал 8-октябрда Түркмөнбашы шаарында өткөн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда мындай платформа ишкерлерге жаңы рынокторго чыгууга, ал эми сатып алуучуларга товарлардын кеңири түрүн тандоого мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Аянтчанын иштеши үчүн товарларды жеткирүү, сактоо жана бажыдан өткөрүү системасын өнүктүрүү керек. Кыргызстан бул ишке Жогорку технологиялар паркынын адистерин тартууга даяр. Жапаров ошондой эле биргелешкен өндүрүштү, транспорттук каттамдарды жана «бир саякат — бир нече өлкө» принциби боюнча туризмди өнүктүрүүнү сунуштады.