Кыргызстанда алма импортун алты айга чектөө сунушталууда


Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын ички өндүрүшүн колдоо жана 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында сатууга шарт түзүү максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги алма импортун алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөөнү сунуштоодо.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда тиешелүү токтомдун долбоору иштелип жатат.

2026-жылы Кыргызстанда болжол менен 179,4 миң тонна алма жыйноо пландалууда. Республика боюнча алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.

Демилгенин негизги максаты — 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында сатууга шарт түзүү жана продукциянын мүмкүн болгон жоготууларын азайтуу. Массалык түшүм жыйноо мезгилинде ички рыноктогу продукциянын көлөмү көбөйөт. Ушуга байланыштуу түшүмдү уюшкандыкта сатуу жана калкты жеткиликтүү баада алма менен камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ.

Демилгени кароодо ички рынокту алма менен камсыз кылууга жана продукциянын калк үчүн жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Алма импортун убактылуу чектөөнүн акыркы мөөнөттөрү жана шарттары токтомдун долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча аныкталат, деп белгиледи министрлик.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанга картошка импортун да чектөөнү сунуштоодо. Бул токтом боюнча азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.