Эртең Ала-Тоо аянтынын аймагына унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет


10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Ала-Тоо аянтынын аймагындагы айрым көчөлөрдүн тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Чектөөлөр төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштеринде киргизилет:

  • Чүй проспектиси жана Эркиндик бульвары;
  • Чүй проспектиси жана Панфилов көчөсү;
  • Панфилов жана Пушкин көчөлөрү;
  • Панфилов жана Абдумомунов көчөлөрү;
  • Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрү;
  • Фрунзе жана Раззаков көчөлөрү;
  • Эркиндик бульвары жана Абдумомунов көчөсү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББ) айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду колдонууну суранат.