Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери менен Авазадагы улуттук тамак-аш фестивалына барды


8-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери менен Түркмөнстандын Аваза шаарында өткөн улуттук тамак-аш фестивалына катышты.

Иш-чарада тогуз өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын улуттук тамактары, салттуу кийимдери жана музыкалык чыгармалары көрсөтүлдү. Мамлекет башчылары КМШ элдеринин маданияты жана ашкана салттары менен таанышты.