Социалдык тармактарда белгисиз эркек кишинин чет өлкөлүк жарандарга тийишип, алардын бирине сокку урганы тартылган видео тасма тараган.
Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя 9-октябрда Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде катталган.
Иш боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында милиция кызматкерлери тарабынан 1974-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлүп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган факт боюнча топтолгон материалдар андан ары кароо үчүн сотко жөнөтүлөт.

