Улан Ниязбековдун реформасына кимдер тоскоолдук кылып, милициянын аброюн түшүрүп жатат?


Улан Ниязбеков ИИМде реформа жасап, милициянын кадырын, техникалык базасын көтөрүп жатканы чындык. Бирок, ушул реформаларга көлөкө түшүрүп, милициянын атын булгаган “экс” жана учурдагы айрым кызматкерлер бар экен. Жакындан бери мурда милицияда иштеп, 2 жолу пара менен кармалган Баймуратов Ойбек [Айбек] аттуу бала ар кимдин тынчын алып, жалган жалаа менен милицияга арыз жазып, тааныш ыкчам кызматкерлери тарабынан күнөөсү жок адамдарды кысымга алып жатканы тууралуу маалыматтар бар деген билдирүү «Кадам-медиа.кж» маалыматтык порталынын редакциясына келди. 

«Менин жакын инилеримдин бирин жакында Ойбектин арызынын негизинде Улан аттуу ИИМдин КИББнын ыкчам кызматкери телефон аркылуу чакырып, орой мамиле кылып, психологиялык басым жасап, коркутуп-үркүтүп, мыйзам чегинде тергөөгө чакыруу сурага “акылдуусуңбу, сага чакыруу керекпи, кайсы жерде жашарыңды билем, керек болсо эки бүктөп кабинетиме алып келем” деп ата-энесинин көзүнчө коркутуптур. Бул боюнча менде аудио жана видео далилдер бар.

     
Менин оюмча, бул аракеттерде мыйзамсыз акча талап кылуу максаты болушу мүмкүн. Инимдин досу суракка барган учурда, Ойбектин тааныш ыкчам кызматкери тарабынан болуп көрбөгөндөй кысымга кабылыптыр. Ойбек тарабынан жалаа-жабылган ага кошуп чаптаган Батиров Атабек өзү жалаа менен отуруп чыгыптыр. А.Батировду таап, ал менен сүйлөшкөндө, ал да Ойбектин жазган арызынын мазмунун угуп чалкасынан кетиптир. Тергөөчү да абийирдүү адам экен, ишти кароодон баш тартканбы, Ленин райондук милицияга которула турган иш учурда Ойбек иштеп кеткен Октябрь райондук милицияга жиберилиптир.
Баймуратов Ойбек деген ким? Ал буга чейин эки жолу опузалап пара талап кылуу фактысы менен кармалып, милициядан куулуп, азыркы учурда пробацияда болушу мүмкүн.
Урматтуу Улан Омоканович, бул көрүнүш Сиз жүргүзүп жаткан реформалардын беделине шек келтирет жана коомчулукта милицияга болгон ишенимди азайтат деп ойлоймун.

   
Ошондой эле, “экс милиционер” Ойбек сыяктуулар жана айрым учурдагы милиция кызматкерлери тарабынан адамдарды кур-доомат менен сындыруу аракеттери токтобой жаткандай туюлду.
Ушуга байланыштуу Сизден:

1. Аталган фактыны — Баймуратов Ойбек аттуу жарандын арызынын негиздүүлүгүн жана анын негизинде аракеттенген ыкчам кызматкерлердин иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү көзөмөлгө алууну;
2. Аталган факты боюнча өзүңүз көзөмөлгө алуу менен окуяга укуктук баа берүүнү;
3. Күнөөлүү адамдарга карата мыйзам чегинде катаал чара көрүүнү суранабыз.

Биз бардык колубуздагы далилдерди — аудио, видео материалдарды жана телефон чалуулардын тизмегин тиешелүү органдарга расмий түрдө өткөрүп берүүгө даярбыз.
Бул кайрылуу эч кимди күнөөлүү деп табуу максатын көздөбөйт. Аны сот гана чечет.

Биздин максат – мыйзам иштесин, күнөөсү жок адамдарды опузалап, ак жеринен күйгүзгөндөр жазалансын.
Ошондой эле жогорудагы иш боюнча коомчулукка ачык маалымат берилишин күтөбүз».