Бишкекте 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасында КМШга мүчө мамлекеттердин XXIII «Китеп искусствосу» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана заманбап талаптарга жооп берген жаңы китеп басылмаларынын көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева, коомдук ишмерлер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Сынактын алкагында ата мекендик басмаканалар ар түрдүү номинациялар боюнча жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, Гран-при баш байгесин кошкондо жалпы 11 сыйлыкка ээ болушту. Бул жетишкендик Кыргызстандагы китеп басып чыгаруу тармагынын өнүгүшүн, улуттук китеп маданиятынын байлыгын жана кыргызстандык авторлор менен басма ишмерлеринин чыгармачылык дараметин айгинелейт.


Салтанаттын жүрүшүндө эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып, жаңы китеп басылмаларынын көргөзмөсү сунушталды. Иш-чара өлкөдө китеп маданиятын өнүктүрүүгө, басма тармагындагы жетишкендиктерди жайылтууга жана улуттук адабий мурасты даңазалоого багытталды.


