Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда президент аймактарга келип, жергиликтүү элдин жашоо-турмушунан кабар алуу салтка айланганын белгилеп өттү.
“Аймактарда эл менен жолугушуу салтка айланды. Алыскы райондордогу элдин тиричилигинен кабар алууну жолго койдук десем, жаңылышпайм”, — деди мамлекет башчысы.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров кечээ, 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары менен барды. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.

