Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр темир жол менен жеткириле баштады


Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр темир жол менен жеткириле баштады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн көмүр ташыган 15 вагон 11-октябрда Бишкек шаарындагы Аламүдүн темир жол бекетине келди.

«Эми Аламүдүн бекетиндеги көмүрдү Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жеткирүү иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкек ЖЭБине көмүр Балыкчы темир жол бекети аркылуу жеткирилип келген.

Эске салсак, Кочкор темир жол бекетинде көмүрдү вагондорго жүктөө алгачкы жолу 10-октябрда жүргүзүлгөн. Жалпы сыйымдуулугу 1 миң тоннаны түзгөн 15 вагон Бишкекке көмүр жеткирүү үчүн жөнөтүлгөн.