Депутат Жылдыз Курманалиева Москвада мекендештер менен жолукту


Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Курманалиева Москва шаарында эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен Элчиликте жолугушту. Жолугушууга келген мекендештер депутат менен болгон жоугушууда бир топ көйгөйлөрдү айтып чыгышты. Айрыкча Орусияда миграция саясат жаатында мыйзамдар өзгөргөндүгүнө байланыштуу укуктук жактан көйгөйлөр көп жаралып жаткандыгын айтышты. Кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаза өтөп жаткан жарандарды өз мекенине кайтаруу боюнча да маселе козголду.


Жылдыз Курманалиева Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төраганын орун басары болгондуктан жолугушууда укутук маселелер боюнча көп суроолор берилип көбүрөөк талкууга алынды.

«Москвадагы жолугушууда мекендештерден келип түшкөн ар бир суроо жана сунуштар эске алынып иш алып барылат, баарын өзүм көзөмөлгө алам», — деп баса белгиледи депутат айым Жылдыз Курманалиева.