Бүгүн республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 18…23, Нарын жеринде 12…17, Таласта 16…21, Ысык-Көл облусунда 13…18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 18…23 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 20…22, Ош шаарында 21…23 градуска жетет.

