Кыргыз опера өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. Ал Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган.
Чыгармачылык карьерасында ырчы 50дөн ашык опералык партияны аткарган.

