Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө 12…17, Таласта 13…18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 18…23 градуска чамалап барат.
Термометр Бишкекте 14…16, Ош шаарында 21…23 градуска жетет.

