Милиция социалдык тармактарда тараган Новопавловкадагы өспүрүмдү сабоо фактысына катышкандарды тактады. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Ленин райондук милициясынын маалыматтык электрондук журналына катталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар 2010-жылы туулган эки өспүрүмдүн өздүгү аныкталган. Алар жабырлануучу С. Б. жана экинчи катышуучу С. А. болуп чыкты. Милиция кызматкерлери жагдайды тактоо үчүн эки өспүрүмдү тең бөлүмгө алып келген.
Мындан тышкары, жабыркаган баланын атасы арыз менен кайрылып, сабоого катышы барларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүүнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.
21-октябрда социалдык тармактарда өспүрүмдүн катуу сабалганы тартылган видео тараган. Кадрлардан капюшон кийген адам өспүрүмдү адегенде таяк менен уруп, андан соң жерге кулатып алып, башы-көзүнө жана аркасына тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Ал жабырлануучуну жерде калтырып, басып кеткен. Видеону жарыялаган автор окуя Новопавловкада болгонун айтып, тасманы мамлекеттик органдарга жөнөткөнүн жана укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырганын билдирген эле.

