Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор, хормейстер жана педагог Турганбай Молдогазиев 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Ал өмүрүн улуттук музыка өнөрүн өнүктүрүүгө, салттарды сактоого жана жаш муундарды тарбиялоого арнаган.
Молдогазиев өлкөнүн башкы Бакыт өргөөсүндө жаңы үйлөнгөндөрдүн баш кошуу салтанатында жаңырчу аземдик музыканын автору болуп саналат. 1965-жылы Москвада өткөн бүткүл союздук фестивалда комуз чертип, Юрий Гагаринди таң калтырган.

