Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматын жетектеген Сыймык Жапыкеев 21-октябрда кыргыз тили боюнча “Кыргызтестке” кайра сынак берди.
“Мурдагы сынакта көп ката кетирген экем. Аны мага Батма эже (ред: Батма Топоева-Ставинская – “Кыргызтесттин” жетекчиси) көрсөтүп берди. Дил баян жазып чыктым. Жыйынтыгы аз күндө чыгат дешти. Жетиштүү баа алсам, документтер менен 1 миллион сомду алып, БШКга арыз жазам”, — деген ал «Азаттыкка».
Президенттик шайлоодо талапкер болуу ниетин билдирген Жапыкеев 12-октябрда кыргыз тилинен сынак берип, эки тапшырма боюнча жетиштүү баа ала албай калган.

