Кыргызстан түштүк кореялык HWAYA INC компаниясы менен өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түштүк кореялык HWAYA INC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана Кыргызстанда өндүрүш ишканасын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, ишкананы эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) аймагына жайгаштыруу жана кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
HWAYA INC компаниясы Кыргыз Республикасында өндүрүш долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Долбоорго болжолдонгон инвестициянын көлөмү 10 млн АКШ долларын түзөт. Жолугушууда өндүрүш үчүн аянтчаны тандоо, тиешелүү инфраструктура менен камсыз кылуу жана продукцияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттоо маселелери талкууланды.
Буга чейин, 2026-жылдын 16–22-сентябрында Корея Республикасына болгон жумушчу сапардын алкагында, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен HWAYA INC компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. Документ инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, өнөр жай демилгелерин илгерилетүүгө жана эркин экономикалык аймактар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы практикалык диалогду улантуудагы маанилүү кадам болуп, өлкөгө инвестиция тартууга жана өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.