Садыр Жапаров: «Табигый кыргыз жаңгагы» улуттук брендин жайылтуу зарыл


«Табигый кыргыз жаңгагы» улуттук брендин жайылтууга өтүү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун эли менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы инфраструктуралык маселелерди чечүү менен катар аймактын жаратылыш жана экономикалык дараметин натыйжалуу пайдалануу маанилүү экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Базар-Коргон районундагы жаңгак токойлору дүйнөдөгү эң ири токойлордун катарына кирерин белгилеп, чийки затты экспорттоодон жаңгакты кайра иштетүүгө, жаңгак майын, пастасын жана унун өндүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын айтты.