«Кош канат» теледолбоору ТҮРКСОЙдун сыйлыгына ээ болду


Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий байланышты чыңдоого багытталган «Кош канат – Кос канат» эл аралык теледолбоору ТҮРКСОЙдун атайын сыйлыгына татыды.

ТҮРКСОЙдун катчылыгынан билдиришкендей, сыйлык долбоордун автору, кыргызстандык продюсер Нуриза Чынтемировага Түркиянын Трабзон шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн III Жаштар форумунда тапшырылды.

2026-жылдын 17-21-октябрында өткөн форумга 21 өлкөдөн 150гө жакын жаш лидер, медиа адис жана демилгечи катышты. Анда санариптик технологиялар жана жасалма интеллект доорунда түрк элдеринин маданиятын, каада-салтын сактоо маселелери талкууланды.