Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Тибет автономиялуу районундагы зилзаладан улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат өлкө башчысынын билдирүүсүндө.
Нагчу шаардык округунун Бачен уездинде 22-октябрь күнү кечинде күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Тилсиз жоо кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, дагы 76 киши жаракат алды, ошондой эле 330 үй зыянга учурап же кыйрады.

