2-ноябрга карата аба ырайы


Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас жергесинде +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көлдө +10…+15, Нарын регионунда +8…+13 градус жылуу болот.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +17…+19 градусту көрсөтөт.