Бишкекте 18 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетти


Бишкектин Фрунзе жана Айдарбеков (мурунку Жаш гвардия — ред.) көчөлөрүнүн кесилишинде 18 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чакыруу саат 10:34тө түшкөн. Кыздын канчанчы кабаттан кулаганы белгисиз. Бирок турак жай 15 кабаттуу экени айтылды.

Жабырлануучу №4 шаардык ооруканага өтө оор, эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Дарыгерлер кыздын мээси жабыркап, бир нече жеринин сынганын аныкташкан.

Бишкектин Ленин райондук ммилициясы факт каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдирди.